24.kg
09:15, 18 декабря 2024, 24.kg

Кытай Кыргызстанга тогуз айда 221 миллион доллар инвестиция салды

Кыргыз-кытай консультациялык жолугушуусунда Улуттук инвестиция агенттигинин директорунун орун басары Дамирбек Бикулов Кытай 2024-жылы канча инвестиция салганын айтып берди. Бул тууралуу аталган башкармалык билдирди.

Үстүбүздөгү жылдын тогуз айында Кыргызстанга келген Кытай инвестициясынын көлөмү 221,5 миллион долларды түздү.

«Ошондой эле Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу Кыргыз Республикасы аркылуу өтүп, КЭР-Батыш Азия-Европа жолу аркылуу Чыгыш менен Батышты бириктирип, дүйнөлүк рынокко чыгуучу эң кыска жол болуп каларын белгилей кетүү маанилүү. Бул евразиялык транспорт тармагынын түзүмүн өзгөртөт жана келечекте Улуу Жибек жолунун кайра жаралуусунун символу болот», — деди Дамирбек Бикулов.

Өз кезегинде кытайлык ишкерлер Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүнө кызыгып, эки тараптуу мамилелерди чыңдоо жана эки өлкөнүн ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн деңгээлин жогорулатуу ниетин ырасташты.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

4 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18