24.kg
18:06, 17 декабря 2024, 24.kg

ТИМ жарандардын кайрылууларын күнү-түнү кабыл алган борбор ачты

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги консулдук бөлүмдө жарандардын кайрылууларын 24 саат бою иштеп чыгуучу борборду ишке киргизди.

Ведомстводон маалымдашкандай, аталган борбор жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын чет өлкөлөрдө коргоо, жарандар менен ыңгайлуу жана жеткиликтүү байланыш түзүү үчүн жарандардын кайрылууларын күнү-түнү кабыл алат.

Жарандар бул борбор аркылуу консулдук кызматтардын кеңири спектри боюнча кыргыз, орус жана англис тилдеринде төмөнкү багыттардагы тиешелүү маалыматтарды ала алышат:

визаларды тариздөө;

паспорт маселелери;

жарандык абалдын актыларын каттоо;

Кыргыз Республикасынын жарандыгы боюнча арыздар;

Кыргыз Республикасынын жана чет өлкөлөрдүн мамлекеттик органдары тарабынан берилген документтерди легалдаштыруу;

башка консулдук кызматтар.

Борбордук кызматкерлери чет өлкөлөрдө жүргөн КР жарандары документтерин жоготкон учурда, укук коргоо органдары тарабынан кармалган же консулдук-укуктук маселелер боюнча жана башка кырдаалдарда «ыкчам байланыш» телефон аркылуу онлайн-консультациялык жардам көрсөтүшөт.

Жардам алуу үчүн +996 999 312 002 номерине WhatsApp же e-consul.gov.kg сайты, ошондой эле Facebook, Instagram, WhatsApp, Telegram социалдык тармактары аркылуу кайрылууга болот.

«Бардык кайрылуулар кыска мөөнөттө каралып, зарыл болгон учурда, андан ары көмөк/консультация көрсөтүү үчүн Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү элчиликтерине жана консулдук мекемелерине же министрликтин жооптуу кызматкерлерине багытталат.

Борбордун ишке кириши КР жарандары, ошондой эле чет элдик жарандар үчүн консулдук-укуктук, виза маселелери боюнча кеңеш алууну кыйла жеңилдетет», — деп айтылат маалыматта.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

4 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18