24.kg
16:52, 17 декабря 2024, 24.kg

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Жалал-Абаддагы тергөө абагына барды

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Жалал-Абаддагы тергөө абагына барды. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунан билдиришти.

Мекеменин маалыматына ылайык, 200 адамга ылайыкталган Жалал-Абаддагы тергөө абагы жаңы салынып, 2023-жылы колдонууга берилген.

Учурда абакта 157 айыпталуучу жана соттолгон адам болсо, анын 11и аял, жетөө жашы жете элек өспүрүм жана 140ы эркектер.

Акыйкатчы бир нече камерага кирип, кармалып тургандар менен баарлашты. Алар тергөө абагынын кармоо шарттарына нааразычылыктарын билдиришкен жок.

Жамиля Жаманбаева тергөө абагынын жетекчисине боюнда бар келиндин укугунун сакталышына көңүл бурууга чакырды.

Андан тышкары, акыйкатчы тергөө абагындагы өзүнчө эки камерада кармалып турган өспүрүмдөр менен пикир алышты. Алар да мекеменин кармоо шарттарына жана укук коргоо кызматкерлеринин иш-аракеттерине нааразычылыгын билдиришкен эмес.

Ошондой эле акыйкатчы абактын коомдук тамактануу бөлүмүнүн шарттары жана күзөт имаратынын жалпы абалы менен да таанышты.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

4 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18