24.kg
13:43, 17 декабря 2024, 24.kg

Имамидин Ташов өзүнө кандай жаракат кылганы белгилүү болду

«KG Групп» курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Имамидин Ташов курсагынан жаракат алган. Бул тууралуу 24.kg басылмасына Саламаттыкты сактоо министрлигиндеги булак билдирди.

Эске сала кетсек, Имамидин Ташов кайрадан өз жанын кыюуга аракет кылгандан кийин ооруканага жеткирилген. Ал СИЗО-1де өз жанына кол салган. Ал тез жардам унаасы менен Мамакеев атындагы Улуттук хирургиялык борборго жеткирилген.

Бүгүн, 17-декабрда саат 14.00дө Биринчи Май райондук сотунда анын иши боюнча кезектеги соттук отурум өтүшү керек болчу.

Маалыматка ылайык, Имамидин Ташов курсагын айнек менен кесип, жараат алганы айтылды. Жараат теринин жана тери астындагы майдын ичине кирген эмес. Анын абалы канааттандырарлык.

Эскерте кетсек, 6-декабрда сот «KG Групп» курулуш компаниясынын негиздөөчүсүнүн камактагы мөөнөтүн 8-февралга чейин узарткан, ага жооп катары ал моюнун тилүүгө аракет кылган. Бул экинчи жанкечтилик аракети болгон. 29-октябрда Имамидин Ташов СИЗОдон ооруканага жеткирилген.

Ага бийликти күч менен басып алууга аракет кылган, бийликти басып алууга ачык чакырык жасаган жана мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өткөн деген айыптар тагылган.

Ишкер апрель айында Чүй облусунун Кайыңды айылында кармалган. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалыматына караганда, ал Кара-Балта шаарында бийликти басып алуу менен нааразылык акциясына күчтөрдү бириктирүү боюнча убактылуу штаб түзүүнү пландаган имиш.

Буга чейин социалдык тармактарда ишкердин видеокайрылуусу жарыяланып, анда ал «бандиттей болуп уурдалып, туткунда жүргөнүн» айтып, буга чейин мамлекеттин кирешесине чегерилген 52 миллион сомдон тышкары дагы 100 млн сом"сол чөнтөгүнө" талап кылганын билдирген.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

4 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18