24.kg
13:32, 17 декабря 2024, 24.kg

«Кыргызфильм» мушкер Мунарбек Сейитбек уулу тууралуу көркөм тасма тартат

Төлөмүш Океев атындагы улуттук «Кыргызфильм» киностудиясы Парижде өткөн Олимпиада оюндарынын күмүш байге ээси, 2023-жылы бокс боюнча дүйнө чемпионатынын коло байге ээси Мунарбек Сейитбек уулу тууралуу тасма тартууну көздөп жатат.

Photo 358155

Тасма 90 мүнөткө созулуп, Кыргызстан, Түркия жана Өзбекстандын биринчи биргелешкен кинодолбоору боло турган толук метраждуу көркөм тасма болору белгиленген.

Киностудия фильмдин синопсисине конкурс жарыялаган.

Арыздар 2024-жылдын 16-декабрынан 2025-жылдын 30-январына чейин кабыл алынат. Арызда синопсистин автору (автобиографиясы, буга чейинки эмгектери жана кинодогу жетишкендиктери) тууралуу да маалымат камтылышы керек.

Эске салсак, Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндарында Мунарбек Сейитбек уулу 57 килограммга чейинки салмак ченинде күмүш медаль тагынып, кыргыз боксунун тарыхында биринчилерден болуп Оюндардын медалына ээ болду.

Мунарбек Сейитбек уулу 28 жашта, ал Ош облусунун Өзгөн районунан болот. Ал сегиз жашында бокс менен машыгып баштаган. ОшМУнун дене тарбия факультетин бүтүргөн.

Синопсис — бул китептин сюжетинин кыскача мазмуну же кино сценарийинин кыскача мазмуну. Анда автор идеянын маңызын ачып, негизги сюжеттик бурулуштарды сүрөттөп, борбордук каармандарды аныктайт. Синопсис үчүнчү жак менен жазылат.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

4 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18