24.kg
12:37, 17 декабря 2024, 24.kg

Депутат ажылык сапарды уюштурууну жеке туристтик компанияларга берүүнү сунуштады

Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Кылычбаев ажылык сапарды уюштурууну жеке туристтик компанияларга берүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал «Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорлорун талкуулоого арналган парламенттик угууда билдирди.

«Бизге ажылык сапарды уюштурууда жыл сайын 5 миллион доллар кара схемалардан улам көмүскөдө калып жатканын айтышкан. Мусулмандардын дин башкармалыгы менен Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын кадыр-баркына шек келтирбеш үчүн ажылык сапарды туристтик агенттиктерге өткөрүп берсек эмне болот?». — деп сурады Алтынбек Кылычбаев.

Дин боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчиси Азамат Юсупов мунун эч кандай пайдасы жок деп жооп берди.

"Биринчиден, муфтиятта иштегендердин айлык акысын ажылыктан берүү маселеси турат. Ажылык сапарды туристтик фирмалар уюштурган жерде баалар кымбат. Бизде эң арзан сапарлар бар — 3 миң 750 доллар. Акыркы үч жылда биз жөнөтүү процессин иретке келтирдик. Эми уюмду туристтик фирмаларга өткөрүп берүүнүн зарылчылыгы жок",-дейт Азамат Юсупов.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

4 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18