24.kg
11:25, 17 декабря 2024, 24.kg

УКМКнын төрагасы Акылбек Жапаровдун кызматтан кетүүсү боюнча комментарий берди

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн, 17-декабрда өткөн маалымат жыйынында мурдагы министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаровдун кызматтан кетиши боюнча комментарий берди.

Анын айтымында, президент кызматтан алуу боюнча чечим чыгарат.

«Акылбек Үсөнбекович тажрыйбалуу адам, мамлекет үчүн көптөгөн жакшы иштерди жасаган. Биз президенттин чечимдерин талкуулабайбыз», — деди ал.

Бирок журналисттер Салык кызматындагы коррупцияга байланышы бар-жогун сурашты. Камчыбек Ташиев минтип жооп берди: «Эми бир нерсеге байланышы бар үчүн кызматтан кетти да. Жөндөн-жөн кеткен жок да.»

Буга чейин, 6-декабрда УКМКнын кызматкерлери Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов менен анын орун басары Исламбек Кыдыргычевди сурактан кийин кармашкан. Аткаминерлер коррупциялык схемаларга катыштыгы бар жана кызматтык ыйгарым укуктарынан кыянаттык менен пайдаланган деп шектелүүдө. Тергөөнүн версиясы боюнча, алдамчылык электрондук накладнойлорду колдонууга байланыштуу. Мыйзамсыз аракеттер айрым бизнес өкүлдөрүнө өзгөчө ири өлчөмдө салык төлөөдөн качууга, реалдуу кирешени жашырууга жана өлкөнүн экономикасына олуттуу зыян келтирүүгө мүмкүндүк берген.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

4 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18