24.kg
09:52, 17 декабря 2024, 24.kg

Каракол-Эңилчек унаа жолу үч күнгө жабылды

Ысык-Көл облусунда Каракол-Эңилчек жолу үч күнгө жабылды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникация министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ведомстводон маалымдашкандай, учурда Ак-Суу районунун Каракол-Эңилчек унаа жолунда кар жаап, бороон болууда. Жолчулар тарабынан жолду кардан тазалоо иштери аткарылууда, бирок ага карабастан каттам үчүн кыйынчылыктар жаралууда.

Көр көчкү түшүү коркунучу жогору болгондуктан кырсыктардын алдын алуу максатында аталган унаа жолдун 38-112-чакырым аралыгын убактылуу жабуу чечимин кабыл алынды. Тиешелүү тескемеге Ак-Суу районунун акими кол койду.

Ага ылайык, бул тилке 16-декабрдан 18-декабрга чейин жабык болот. Түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, маалымат такталарын орнотуу, ыкчам маалымат берүү боюнча иштер тиешелүү мекеме жетекчилерине жүктөлдү.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

4 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18