24.kg
09:14, 17 декабря 2024, 24.kg

Кыргызстандын бажы кызматы төлөмдөрдү чогултууну 6 миллиард сомго көбөйттү

Кыргызстандын бажы кызматы төлөмдөрдү чогултууну 6 миллиард сомго көбөйттү. Бул тууралуу аталган кызматтан билдирди.

Маалыматка ылайык, Мамлекеттик бажы кызматы үстүбүздөгү жылдын 13-декабрына карата 2024-жылга карата бажы төлөмдөрү боюнча баштапкы болжолдун аткарылышын камсыздаган.

Бул мезгилде бажыга 117 миллиард 356,5 миллион сом көлөмүндө киреше болжолу берилген. Бүгүнкү күндө бул божомол толугу менен аткарылды.

Бажы кызматы 2023-жылдын жылдык түшүүсүнө салыштырмалуу декабрь айынын ортосуна чейин бажы төлөмдөрүн 6 миллиард сомго көп чогулткан.

«Бажы төлөмдөрүнүн түшүүсүнүн мындай көрсөткүчү Мамлекеттик бажы кызматынын тарыхында биринчи жолу байкалууда», — деп айтылат маалыматта.

Башкармалык мындай жыйынтыктарга жетүү үчүн бизнес-процесстерди жөнөкөйлөтүү жана тездетүү, өткөрүү пункттарындагы кубаттуулукту жогорулатуу, санариптик чечимдерди киргизүү жана контрабандага каршы күрөштү күчөтүү боюнча комплекстүү иштер аткарылганын кошумчалады.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

4 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18