24.kg
13:35, 16 декабря 2024, 24.kg

Сергей Пучков футбол боюнча жаштар курама команданын башкы машыктыруучусу болду

Кыргызстандын футбол боюнча жаштар курама командасынын башкы машыктыруучусу украиналык Сергей Пучков болду. Бул тууралуу Кыргызстандын футбол биримдигинин сайтында маалымдалды.

Photo 357893

КФБнын Президенти Камчыбек Ташиев Кыргыз Республикасынын жаштар курамасынын (U-20) оюнчулары менен жолугушуп, аларды команданын жаңы башкы машыктыруучусу менен тааныштырды.

Кыргызстандын футбол союзунун чечими менен жаштар курамасынын жаңы башкы машыктыруучусу болуп украиналык адис Сергей Пучков дайындалды. Ал буга чейин «Мурас Юнайтеддин» башкы машыктыруучусу болгон.

Белгиленгендей, Сергей Пучков футболдук карьерасын аяктагандан кийин машыктыруучу катары футболдогу ишин улантып, Украинанын эмгек сиңирген машыктыруучусу наамына ээ болгон.

«Жаңы машыктыруучу менен келишим бир жылга түзүлдү. Сергей Пучковдун жетекчилиги астында Кыргызстандын жаштар курамасы 2025-жылдын февраль айында өтө турган Азия кубогуна катышат. Турнирге даярдыктар жакынкы күндөрү Ысык-Көл облусундагы машыгуу сборунда башталат», — деп айтылат маалыматта.

Сергей Пучков — советтик жана украиналык футболчу, коргоочу. «Днепр» (Днепропетровск) футболдук клубундагы оюну менен белгилүү. СССРдин чемпиону жана СССРдин кубогунун ээси. Жигердүү футболдук карьерасын аяктагандан кийин футбол боюнча машыктыруучу болгон. Украинанын эмгек сиңирген машыктыруучусу.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

4 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18