24.kg
22:24, 14 декабря 2024, 24.kg

«Ала-Тоо» аянтындагы жаңы жылдык башкы балатынын оту жанды

 «Ала-Тоо» аянтындагы жаңы жылдык башкы балаты жандырылды. Иш-чарада Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев шаардыктарды жана конокторду келе жаткан жаңы жылы менен куттуктады.

Майрамдын коноктору үчүн кызыктуу көңүл ачуучу программа даярдалды. Сахнада Кыргызстандын белгилүү артисттери: Гүлзинат Суранчиева, Аваз Акимов, Айдана Дека, Арсен, Кудайберди Айтбосунов, “Тамга” тобу, Шухрат Якубов, Нурмат Садыров, Айгерим Расул кызы, Сыймык Бейшекеев, Айганыш Абдиева, Абир Касенов, Сайкал Садыбакова жана Айар өз өнөрлөрүн тартуулашты.

Быйыл Ала-Тоо аянты өзгөчө кооздолгон. Жарандардын ынгайлуулугу үчүн сейилдөөчү аянт кеңейтилип, ар бир адам эс ала тургандай эс алуучу жайлар көбөйдү.

Ал эми балатынын бийиктиги 32, диаметри 13 метрге жетет. Ошондой эле аянтта чоң сейилдөөчү зона пайда болот. Мында толук кандуу жаңы жылдык шаарча түзүлөт. Аймакты жасалгалоого 1,5 млн сомго жакын акча каражаты бөлүнгөн.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

4 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18