24.kg
17:06, 13 декабря 2024, 24.kg

Шашылыш билдирүү! Кыргызстанда туруксуз аба-ырайы күтүлөт

Кыргызстанда аба-ырайы кайрадан сууктап, кар жаашы күтүлөт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Кыргызгидромет кызматынын билдирген маалыматына ылайык, 15-17-декабрда туруксуз аба ырайы күтүлөт.

15-декабрда күндүз жана 16-декабрда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлүүдө. Айрым жерлерге туман түшөт.

Жолдор тоңголок жана тайгак болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде 15-20 метрге, Ысык-Көлдө 19-24 метрге жетет.

16-17-декабрда абанын температурасы төмөндөп, Чүй өрөөнүндө түнкүсүн — 12... −17°, күндүзү — 4... — 9°, Чүй өрөөнүндө түнкүсүн −11... −17°, күндүзү — 4... — 9°,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн — 11... −16°, күндүзү −3..., — 8°,

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн −10.. −15°, күндүзү 0... −5°, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн — 11..., — 16°, күндүзү — 1... — 6°,

Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн −20... −25°, күндүзү −5... −10°, республиканын тоо этектериндеги райондордо түнкүсүн — 15... — 20°, күндүзү −5... −10°, тоолуу райондордо түнкүсүн −13... −18°, күндүзү −7... −12°,

Суусамыр өрөөнүндө жана бийик тоолуу райондордо түнкүсүн — 30.. −35°, күндүзү −13... −18° суукка чейин төмөндөйт.

ӨКМ мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда мал кармоонуу кыйындатарын белгилейт.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

4 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18