24.kg
15:11, 13 декабря 2024, 24.kg

Сыйлыктар болот. Бишкек мэриясы жаңы жылдык жасалгалоого сынак жарыялады

Бишкек мэриясы жаңы жылдык жасалгаларды мыкты жасоого сынак жарыялады. Ага шаар тургундарын, мекеме-ишканаларды борбор калааны жаңы жылдык мыкты жасалгалоо сынагына катышууга чакырат.

Муниципалитеттен билдиришкендей, сынак майрамдык маанайды түзүү, шаардын эстетикалык көрүнүшүн жогорулатуу жана шаардыктардын чыгармачылык демилгесин колдоого багытталган.

Photo 357535

Сынак төмөнкү номинациялар боюнча өткөрүлөт:

1. Административдик райондордун аймактарын (сейил бактарды, скверлерди, коомдук жайларды ж.б.) жаңы жылдык эң мыкты жасалгалоо:

2. Министрликтердин жана ведомстволордун имараттарынын фасаддарын жана тегерек-четтерин жаңы жылдык мыкты жасалгалоо:

3. Ири соода комплекстеринин, борборлордун жана базарлардын фасаддарын жана аларга жакын аймактарын жаңы жылдык мыкты жасалгалоо:

4. Соода жана тейлөө объектилеринин, кеңселердин жана башка объектилердин фасаддарын жана аларга жакын аймактарын жаңы жылдык мыкты жасалгалоо:

5. Көп кабаттуу үйлөрдүн короосунун жаңы жылдык жасалгасы:

Уюштуруучулардын чечими боюнча номинацияларга өзгөртүүлөр киргизилип, кошумча сыйлыктар белгилениши мүмкүн.

Сынактын шарттары:

Сынакка Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрациялары, министрликтер, ведомстволор, бюджеттик мекемелер, менчигинин түрүнө карабастан чарбалык субъекттер, жеке ишкерлер жана Бишкек шаарынын тургундары катыша алышат.

1. Катышуучулар 2024-жылдын 15-декабрынан 31-декабрына чейин dgh@meria.kg электрондук почтасына сынакка катышуу үчүн арызын электрондук түрдө тапшырышы керек.

2. Арызга бүткөрүлгөн объекттердин фотосүрөттөрү же видеолору тиркелүүгө тийиш. Сүрөттөр ачык-айкын жана жогорку сапатта болушу керек.

3. Сынактын материалдары жаңы жылдык темага туура келиши жана коопсуздук чараларын сактоо менен толтурулушу керек.

Сынактын жыйынтыгын сынактык комиссия 2025-жылдын январында чыгарат.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

4 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18