24.kg
13:15, 13 декабря 2024, 24.kg

Бишкекте мурунку башкы прокурор Асанбек Шаршеналиев акыркы сапарга узатылды

Бүгүн, 13-декабрда Башкы прокуратурада КР эмгек сиңирген юристи, юстициянын 1-класстагы Мамлекеттик кеңешчиси, юридика илимдеринин доктору жана Кыргыз Республикасынын экс-башкы прокурору Шаршеналиев Асанбек Шаршеналиевичти акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Митинг-реквиемге башкы прокурору Максат Асаналиев, прокуратура органдарынын ардагерлери жана кызматкерлери, Жогорку Кеңештин депутаттары, мамлекеттик органдардын жетекчилери, маркумдун жакындары жана кесиптештери катышты.

Коштошуу зыйнатында башкы прокурор сөз сүйлөп, Асанбек Шаршеналиевичтин өмүр жолун, мамлекеттик кызматтардагы жетишкендиктерин, өлкөдөгү укуктук системаны өнүктүрүүгө кошкон зор салымын эскерип, анын кесипкөйлүгү, мыйзамдуулукка болгон умтулуусу жана жетекчи катары алып барган ишмердүүлүгү Кыргызстандын укук системасынын тарыхында өчпөс из калтырганын белгилеп өттү.

Асанбек Шаршеналиевич башкы прокурор, Конституциялык соттун төрагасы жана башка жогорку кызматтарды жигердүү аркалаган, укуктук чөйрөдө бир катар реформаларды ишке ашырган көрүнүктүү инсан катары эсибизде түбөлүк сакталып калмакчы.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

4 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18