24.kg
12:26, 13 декабря 2024, 24.kg

Бишкекте «Кришна аң-сезиминин коому» диний сектасынын ишмердүүлүгү токтотулду

«Кришна аң-сезими коому» диний сектасынын мыйзамсыз ишмердүүлүгү токтотулганын УКМКнын басма сөз борбору билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкекте «Харе Кришна кыймылы» деп аталган «Кришна аң-сезими коому» сектасынын жактоочуларынын мыйзамсыз иштери аныкталып, аларга бөгөт коюлган.

«Жергиликтүү сектанын жолдоочулары чет өлкөлүк миссионерди (б.а. «Санньяса») тартуу менен, коммерциялык сессияларды (өзүн-өзү тазалоо, өзүн-өзү өнүктүрүү боюнча психологиялык курстар) жамынып иш-чараларды мезгил-мезгили менен уюштуруп турушкандыгы аныкталды. Иш-чаралардын жүрүшүндө сунуш жана манипуляция катары психологиялык таасир этүү ыкмалары, ошондой эле жеке («жаппа») жана жамааттык («киртан») түрдө медитация, мантрларды ырдоо жана жашыруун диний ырым-жырымдар активдүү колдонулган», — деп айтылат маалыматта.

2024-жылдын ноябрында Бишкек шаарындагы мейманканалардын биринде аталган сектанын мүчөлөрү тарабынан Кыргызстандын 300гө жакын жаранынын катышуусу менен конференция уюштурулган (катышуу үчүн билеттер 1000 сомдон 3000 сомго чейин сатылган), ошол эле учурда катышуучулардын көпчүлүгү уюштуруучулардын диний сектага катышы жана иш-чаранын диний мүнөзү тууралуу кабардар болгон эмес.

Мыйзамсыз диний иш-аракеттерге бөгөт коюу максатында Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын жана ИИМдин өкүлдөрүн тартуу менен текшерүү демилгеленип, анын жыйынтыгында мыйзамсыз диний иш-аракеттерди уюштуруучуларга карата айып пул (120 миң сом) салуу менен укук бузуулар тууралуу протоколдор түзүлгөн.

УКМК жарандарды диний секталарды ишке тартуу тобокелдиктерин жоюу максатында псевдопсихологдордун ар кандай коммерциялык курстарына жана коуч-тренингдерине катышууда кылдат болууга чакырат.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

4 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18