24.kg
12:10, 13 декабря 2024, 24.kg

Таласта милиция кызматкерлери мал уурдагандарды кармашты

Айтматов районунда укук коргоо кызматкерлери мал уурулукка шектелген эки жаранды кармашканын Талас ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Айтматов райондук ички иштер бөлүмүнө жергиликтүү эки тургун кайрылып, короосунан мал уурдалганын билдиришкен. Биринчи арыздануучунун сарайынан 3-ноябрь күнү 4 кою уурдалганын, экинчи арыз ээси андан да 4 кою уурдалганын, бирок 1-декабрда болгондугун айткан. Бул фактылардын негизинде укук коргоо органдары тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин «Мал уурулук» беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Бул кылмыштарга шектелип 2 адам кармалып, 54 жаштагы О.К. жана 26 жаштагы М.Б., алар тергөө абагына киргизилген. Укук коргоо органдарынын кызматкерлери алардын ушул сыяктуу башка кылмыштарга тиешеси бардыгын аныктап жатышат. Учурда тергөө иштери уланууда.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

4 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18