24.kg
11:20, 13 декабря 2024, 24.kg

Дональд Трамп Time журналы тарабынан жылдын адамы деп табылды

АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп Time журналынын версиясы боюнча жылдын адамы аталды.

«Трамптын саясий кайра жаралуусунун Американын тарыхында окшошу жок», — деп белгиленет келечектеги президентке арналган материалда.

Photo 357428

Журнал 78 жаштагы бизнесмен жана саясатчынын биринчи мөөнөтү «маскаралык» жана Капитолийди басып алуу менен аяктаганын эске салды. Мындан тышкары Трампка каршы бир нече кылмыш иши козголгон. Мунун фонунда «Республикалык» партия андан баш тартты. Бирок бизнесмен андан кийин партиялык таймашта жеңишке жетип, президенттикке талапкер болгон. Кошумчалай кетсек, быйыл июль айында ал кол салуу аракетинен аман калган, кийинчерээк дагы аны жасоо кайталанган.

Эске сала кетсек, 5-ноябрда АКШда президенттик шайлоо өткөн. Республикачыл талапкер Дональд Трамп жеңүү үчүн зарыл болгон 270 шайлоочулардын 277 добушун алды. Анын атаандашы, Демократиялык партиянын атаандашы Камала Харрис 226 добушка ээ.

Ал Американын тарыхында мурдагы шайлоодо утулуп калгандан кийин Ак үйгө кайтып келген экинчи мамлекет башчысы болуп калды. Буга чейин демократ Гровер Кливленд муну жасай алган.

Жылдын адамы наамына жалпысынан он адам көрсөтүлгөн, анын ичинде Трампка утулган АКШнын вице-президенти Камала Харрис; SpaceX жана Tesla компаниясынын негиздөөчүсү Илон Маск; Быйыл рак оорусуна чалдыккан жана химиотерапиядан өткөн Уэльс принцессасы Кейт Миддлтон; Алексей Навальныйдын жесири Юлия Навальная жана Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху,

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

4 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18