24.kg
09:14, 13 декабря 2024, 24.kg

1-январдан тарта маркасы жок күйүүчү-майлоочу майларды жүгүртүүгө тыюу салынат

Мамлекеттик салык кызматы 2025-жылдын 1-январынан тартып маркасы жок күйүүчү майды жүгүртүүгө тыюу салынаарын эскертет.

Ведомствонун маалыматына караганда, КР министрлер кабинетинин 2024-жылдын 4-июлундагы токтомуна ылайык, көрсөтүлгөн күндөн тартып маркаланбаган бензинди жана дизелдик отунду сактоого, сатууга жана ташууга тыюу салынат.

Мунайзаттарды жүгүртүү менен алектенген субъекттер 2024-жылдын 31-декабрына чейин отундун бул түрлөрүнүн калдыктарын маркалашы керек.

Эскерте кетсек, 2024-жылдын 1-октябрынан тартып Кыргызстанда молекулярдык маркерлерди колдонуу менен импорттолуучу жана өндүрүлгөн бензин менен дизелдик отунду милдеттүү түрдө маркалоо киргизилген. Салык кызматы «Учкун» ААКнын күйүүчү майды маркалоо оператору менен биргеликте октябрдан декабрь айына чейин 230 миң тонна бензин жана дизелдик отунду маркалаган.

Мындан сырткары, маркалоо системасын киргизүүнүн аркасында ноябрь айында күйүүчү-майлоочу материалдарга акциз салыгынын түшүүсү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 59%га көбөйүп, 349,5 млн сомду түздү.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

4 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18