24.kg
17:29, 12 декабря 2024, 24.kg

Дыйкандар 150 млн сомго чейин жеңилдетилген насыя ала баштайт

Кыргызстанда 2025-жылдын 1-январдан тартып «Бириккен товар өндүрүүчүлөрдү каржылоо» долбоору ишке кирет. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган долбоордун максаты жеңилдетилген кредиттик каражаттарды берүү жолу менен кичи товардык өндүрүштү ирилештирүү процессине дем берүү жана бириккен айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүү болуп саналат.

Долбоор жалпысынан 60 ай, же болбосо 5 жылда иштеп, республикалык бюджеттен жана «Айыл Банк», «Элдик Банк» ААК тарбынан каржыланат. Анда:

мал чарбачылыгы жана өсүмдүк өстүрүүчүлүк менен алектенген бириккен товар өндүрүүчүлөргө 25 млн сомго чейин 60 айга 6 пайыздык чен менен;

кластердик бирикмелерди бириккен товар өндүрүүчүлөр менен түзүшкөн кайра иштетүү өнөр жай ишканалары үчүн 150 млн сомго чейинки каражат 60 айга 6 пайыздык чен менен;

жогорку натыйжалуу жана ресурстарды үнөмдөчү технология менен иштеген (тамчылатып сугаруу, жамгырлатып сугаруу), күнөскана чарбасын жүргүзүү, айыл чарба техникасынын жана жаныбарлардын лизинги, машина-трактордук станцияларды түзүү менен алектенген бириккен коомдорду түзүшкөн чарба жүргүзүүчү субъекттерге 50 млн сомго чейин 60 айга 6 пайыздык чен менен насыялар каралган.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

4 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18