24.kg
16:10, 12 декабря 2024, 24.kg

Коррупцияга шектелип ӨКМдин мурдагы жетекчиси кармалды

Атайын кызматтар түрдүү структураларда жогорку кызматтарды аркалаган мурдагы аткаминерди кармады. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз борборунан билдиришти.

Ал КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин башчысы, КР Жогорку Кеңешинин депутаты, Жалал-Абад облусунун губернатору болгон.

Photo 357328

Белгилегендей У.С.И., 1995-жылдын декабрынан 1996-жылдын апрелине чейин «Кыргызтрансавто» мамлекеттик акционердик коомунун төрагасы болуп турган учурда, айрым кызмат адамдарынын көмөгү менен «Токчулук» мамлекеттик акционердик коомунун акцияларын мамлекеттин эсебинен сатып алып, андан кийин мурдагы Балыкчы эт комбинатынын кыймылсыз мүлкүн мыйзамсыз жеке менчикке алып чыккандыгы аныкталган.

Алдын ала маалыматтар боюнча сөз Урманаев Султан Исакович жөнүндө болуп жатат. Кармалган адамдын баш тамгалары аныкына дал келет.

УКМКнын маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө бул объектинин жалпы баасы 626 миллион сомду түзөт. Учурда жогоруда аталган коррупциялык схемага башка адамдардын катыштыгы аныкталып, мыйзамсыз менчиктештирилген мүлктөрдү кайтарып алуу чаралары көрүлүүдө.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

4 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18