24.kg
14:27, 12 декабря 2024, 24.kg

Кыргызстанда мечиттер мамлекеттик органдардын уруксаты менен гана курулат

Мындан ары мечиттердин курулушу мамлекеттик органдар менен алдын ала макулдашылмакчы. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору Азамат Юсупов билдирди.

Ал белгилегендей, мониторингдин жыйынтыгында мыйзамсыз иштеп жаткан 1 миңден ашык диний мекеме аныкталган. Алардын 800гө жакыны каттоодон өтсө, 120 мечит каттоодон өтө элек.

«Буга чейин мечит курулуп, андан кийин каттоодон өткөн. Эми мындай курулуштарды мамлекеттик органдар менен макулдашуу керек. Мечитке муктаждык барбы же жокпу, ошону аныктайбыз. Анан мыйзамдуу түрдө курулуш иштери жүргүзүлөт», — дейт Азамат Юсупов.

Белгилей кетсек, депутаттар «Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө» мыйзам долбоорун кароодо. Документтин түзүмү 6 бөлүмдөн, 40 беренеден турат.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

4 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18