24.kg
14:11, 12 декабря 2024, 24.kg

Дааватка тыюу салынган эмес. Азамат Юсупов жаңы мыйзам тууралуу айтып берди

«Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө» мыйзам долбоорунда дааватка (адамды ислам динине жеткирүү) чектөөлөр жок. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору Азамат Юсупов билдирди.

Ал белгилегендей, үймө-үй кыдырууга тыюу салуу коомдо кайчы пикирлерди жаратты.

«Мыйзам долбоорунда дааватка тыюу салуу жок. Кабар айтуу үймө-үй кыдырып эле жүрүү эмес. Сиз китеп жаза аласыз, батирлерде, YouTube аркылуу, мессенджерлерде топтордо окута аласыз. Биз жөн гана бардыгын уюштуруу керек деп айтып жатабыз. Ар бир жамааттын өзүнүн салттуу жана салттуу эмес ыкмалары бар. Биз Уламалар кеңеши жана эксперттер менен биргеликте бул багытта тартипти орнотууну гана сунуштап жатабыз», — деди Азамат Юсупов.

Ал белгилегендей, бүгүнкү күндө Кыргызстанда тыюу салынган террордук уюмдар жана секталар үймө-үй кыдырып жүрүшөт.

«Мындан улам ата-бала сүйлөшпөй калган учурлар бар. Туугандардын ортосунда келишпестиктер бар. Бул диний көз караштарга байланыштуу. Себеби бири расмий динди карманса, экинчиси сектанын таасиринде», — деп белгиледи Азамат Юсупов.

Дин боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчиси жогорудагы көйгөйлөрдөн улам кайсы бир сектанын өкүлү каза болгондон кийин сөөк коюуда да кыйынчылыктар жаралып жатканын кошумчалады.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

4 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18