24.kg
12:49, 12 декабря 2024, 24.kg

Бишкекте архив кызматы үчүн алты кабаттуу имарат курулуп жатат

Бишкекте архив кызматы үчүн алты кабаттуу имарат курулуп жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында аталган башкармалыктын төрагасы Мария Алыбаева билдирди.

Ал белгилегендей, 2024-жыл жаңы курулуштар үчүн жемиштүү жыл болду. Республика боюнча жалпысынан архивдик документтерди сактоо үчүн алты объект курулууда. Алардын экөөсү бүткөрүлүп, пайдаланууга берилди.

Тактап айтканда, ноябрь айында Талас районунда эки жаңы имарат: Талас шаардык мамлекеттик архиви жана Бакай-Ата райондук мамлекеттик архиви ачылды.

Санариптик өнүктүрүү министрлигинин башчысы Нурия Кутнаева министрлер кабинетинин башчысынын тапшырмасы менен 2025-жылы аталган ведомство архив кызматы үчүн сканерлерди сатып алаарын кошумчалады.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

4 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18