24.kg
12:25, 12 декабря 2024, 24.kg

ЖК депутаты дааватчыларга үймө-үй кыдырууга уруксат берүүнү суранды

Жогорку Кеңештин депутаты Жалолидин Нурбаев элди исламга тартуу үчүн үймө-үй кыдырууга уруксат берген жобону мыйзам долбоорунда калтырууну суранууда. Бул тууралуу ал парламенттин бүгүнкү жалпы жыйынында билдирди.

Эл өкүлү парламентте талкууланып жаткан «Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө» мыйзам долбоорунда динди жайылтуу же таңуулоо максатында үймө-үй кыдырууга тыюу салынганын белгиледи.

"Дааватчы (ислам динине чакырган адам) үйгө да кирбейт. Жөн эле эшик каккылап, мечитке чакырып, жакшылыкка гана чакырышат. Мунун эч кандай жаман жери жок. Эгер ушуга тыюу сала турган болсок, 10-15 жылдан кийин балдарыбыз кандай болот билбейм",-дейт Жалолидин Нурбаев.

Эл өкүлү ошондой эле дааватчы коррупция менен күрөшүүгө жардам берерин белгиледи. Анын пикиринде, камоолор, коркутуулар паракорлукту токтото албайт, элдин жүрөгү менен иштеш керек, ыйманга чакыруу керек.

Жалолидин Нурбаев мындан тышкары мыйзам долбоорунда көптөгөн кемчиликтер бар экенин, ошондуктан аны кайра иштеп чыгуу үчүн чакыртып алуу керектигин баса белгиледи.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

4 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18