24.kg
12:10, 12 декабря 2024, 24.kg

Бишкекте № 1 төрөт үйүнүн жаңы имаратынын курулушу башталды

Бишкекте бүгүн, 12-декабрда 200 орундуу № 1 төрөт үйүнүн жаңы имаратынын курулушуна капсула салынды. Бул тууралуу 24.kg басылмасына Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 413 миллион сомдук 5 кабаттуу жаңы имарат толугу менен президенттик фонддон каржыланат.

1936-жылы курулган № 1 төрөт үйү республикадагы алгачкылардан болуп саналат. Бул жерде жылына 4 миңге жакын бала төрөлөт.

Медициналык мекеме Бишкек шаарынын Свердлов районунун аялдарын тейлейт, репродуктивдүү курактагы аялдардын саны 83 миңден ашат. Төрөлгөндөрдүн санынын көбөйүшүн жана шаардын кеңейүүсүн эске алуу менен жаңы заманбап имарат куруу зарылчылыгы келип чыккан.

Анда операциялык бөлмөлөр, аялдар жана жаңы төрөлгөн ымыркайлар үчүн интенсивдүү терапия, зыяратчылар үчүн күтүү жайлар, ошондой эле медициналык кызматкерлерди окутуу үчүн симуляциялык бөлмө курулат.

Медициналык мекеме жаңы имарат курулуп бүткөндөн кийин Саламаттыкты сактоо министрлиги жаңы штаттык таблицаны бекитээрин тактады. Кызматкерлердин көбү ишке орноштуруу борбору аркылуу келишет. Учурда дарыгерлер үчүн 4 бош орун бар.

Курулуш иши бир жылга пландаштырылган.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

4 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18