24.kg
11:28, 12 декабря 2024, 24.kg

Катуу суук. Энергетиктер электр жарыгынын өчүрүлүшүн түшүндүрүштү

Кыргызстанда электр энергиясы өчүрүлө баштады. Бул тууралуу социалдык тармактардын колдонуучулары жана 24.kg басылмасынын окурмандары жазышууда.

«Абанын температурасынын төмөндөшүнө байланыштуу электр энергиясын колдонуу көбөйдү. Бул оордукту алып келет жана электр тармактары ашыкча жүктөлөт. Электр жабдууларын сактоо үчүн тиешелүү коргоо жана автоматташтыруу системалары ишке киргизилет. Электр менен камсыздоону калыбына келтирүүгө болжолдуу убакыт 1-2 саатты алат», — деп түшүндүрүштү «Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ишканасынын кызматкерлери.

Электр менен камсыздоонун бардык суроолору боюнча «Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ААКнын 24 саат бою иштеген колл-борбору төмөнкү телефондор боюнча иштейт: 105; 1209; +996772001209; +996702001209; +996556001209 (WhatsApp).

Кечээ, Кыргызгидромет кайрадан катуу суук тууралуу эскертүү таратты. Синоптиктердин маалыматы боюнча, республиканын айрым аймактарында −35 градуска чейин суук жүрүшү күтүлөт.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

4 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18