24.kg
13:41, 11 декабря 2024, 24.kg

Камчыбек Ташиев коррупционерлерден түшкөн каражат боюнча отчет берет

Жогорку Кеңештин жыйынында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 15-16-декабрда коррупционерлерден түшкөн каражат боюнча коомчулукка отчет берерин билдирди.

«Элдерде ушундай суроолор бар, мен билем. Мен баарын айтам, кимден канча акча, мүлк ж.б. алынганын, бул каражаттар кайда экенин да айтам. Тенгиз Бөлтүрүк боюнча да суроолорго жооп берем», — деди УКМКнын башчысы.

Эске сала кетсек, 5-декабрда УКМКнын башчысы коррупция үчүн айып пулду алып салуу боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда депутаттарга алып чыккан. Паракорчулукка күнөөлүүлөрдү эркинен ажыратуу сунушталууда. Документке ылайык, коррупционерлердин жакындарына да мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарда иштөөгө тыюу салынат.

Эл өкүлдөрү мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырышты.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

4 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18