24.kg
11:41, 11 декабря 2024, 24.kg

Бишкекте экс-прокурор бийликти басып алууга даярданган деген айып менен кармалды

Бишкекте Кыргызстандын Башкы прокуратурасынын Ички коопсуздук жана ички иликтөө башкармалыгынын мурдагы улук прокурору кармалды. Биринчи Май райондук сотунда маалымдалгандай, ал массалык баш аламандыктарды даярдаган, бийликти күч менен басып алган жана уюшкан топ түзгөн деп айыпталууда.

Сот аны 2025-жылдын 9-январына чейин камакта калтырган.

Буга чейин бул иш боюнча башкы прокурордун мурдагы орун басары Кубан Адыл уулу кармалган. Соттун 12-ноябрдагы чечими менен ал дагы 2025-жылдын 10-январына чейин камакка алынган.

Маалым болгондой, мурдагы аткаминерге карата «Уюшкан топ түзүү же ага катышуу», «Уюшкан топторду жана кылмыштуу жамааттарды каржылоо», «Кылмышка шериктеш болуу», «Кылмышка даярдануу» жана КР Кылмыш-жаза кодексинин «Бийликти күч менен басып алуу» беренелери боюнча иш козголгон.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

4 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18