24.kg
11:11, 11 декабря 2024, 24.kg

Акылбек Жапаров Москвага иш сапары менен барат

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 11-13-декабрда Москвада иш сапары менен болот.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей, иш сапарынын алкагында Акылбек Жапаров КМШга мүчө-мамлекеттердин өкмөт башчылар кеңешинин жана Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйындарына катышат.

КМШнын Өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынында бир катар документтерге кол коюу менен мындан аркы экономикалык өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелери, анын ичинде транспорттук комплексти санариптик трансформациялоо жаатында, пенитенциардык кызматтар үчүн кадрларды даярдоо маселелери талкууланат, ошондой эле КМШга мүчө мамлекеттердин өз ара соодасындагы тоскоолдуктар, 2025—2026-жылдарга карата КМШга мүчө-мамлекеттердин гуманитардык кызматташтыгы жаатында жана башка маселелер каралат.

Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынында бир катар актуалдуу маселелер каралат, анын ичинде өнөр жай тармактарындагы биргелешкен кызматташуу долбоорлоруна каржылык жардам көрсөтүү, газ, мунай жана мунай продуктуларынын жалпы рынокторун түзүү, Евразия экономикалык биримдигинин алкагында электрондук сооданы өнүктүрүү жаатындагы маселелер каралат. Жыйындын соңунда бир катар документтерге кол коюлат.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

4 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18