24.kg
10:30, 11 декабря 2024, 24.kg

Дүйнөлүк банк Камбар-Ата ГЭС-1 үчүн 500 миллион доллар насыя берет

Дүйнөлүк банк Камбар-Ата ГЭС-1 үчүн 500 миллион доллар насыя берет. Бул тууралуу Экономика министри Данияр Амангелдиев Бишкекте журналисттер менен болгон жолугушууда билдирди.

Министрдин айтымында, учурда Энергетика министрлиги Кыргызстанда ири инвестициялык долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгууда. Данияр Амангелдиев 2025-жылдын май айында Дүйнөлүк банк Кыргызстанга ГЭС куруу үчүн 500 миллион доллар өлчөмүндө пайызсыз насыя берерин билдирди.

Эске сала кетсек, буга чейин Евразия өнүктүрүү банкы (ЕӨБ) Камбар-Ата ГЭС-1ди курууга 500 миллион долларга чейин бөлүүгө даяр экенин билдирген.

Мындан тышкары, Европа инвестициялык банкына да Камбар-Ата ГЭС-1ди курууга катышуу сунушталды. Ал эми 2024-жылдын ноябрь айында Кыргызстан COP29 катышуучуларын бул долбоорду ишке ашырууга кошулууга чакырган.

Камбар-Ата ГЭС-1ди куруунун баасы, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдын ала эсептөөлөрү боюнча, болжол менен 3,6 миллиард долларды түзөт.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

4 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18