24.kg
18:31, 10 декабря 2024, 24.kg

Бишкекте коомдук транспортко акы төлөбөгөндөр айып пулга тартылат

Эми коомдук транспортто акы төлөбөгөндөр (коёнектер)айып пулга тартылат. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирет.

Photo 356911

Транспорт жана жол-транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү башкармалыгынын кызматкерлери Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча мамлекеттик инспекциясы жана Бишкек шаардык транспорт муниципалдык ишканасы менен биргеликте коомдук транспортто рейд жүргүзүп, жүргүнчүлөр жол кире акысын төлөп жатканын текшеришет.

Жол кирени төлөбөй коюу фактылары аныкталса, жүргүнчүлөргө Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын чегинде айып салынат.

Белгилеп кетсек, Кылмыш-жаза кодексинин 199-беренесинин 8-пунктуна ылайык, муниципалдык коомдук транспортто жол жүрүү акысын жана багажды төлөбөй коюу, ошондой эле шаардык коомдук транспортто пайдалануу эрежелерин бузуу жеке жактарга айып салууга алып келет. 10 эсептик көрсөткүч (1 миң сом) өлчөмүндө айып пулга тартылат.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

4 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18