24.kg
17:43, 10 декабря 2024, 24.kg

Кыргызстанда медициналык этил спиртин чыгаруу башталды

Кыргызстанда медициналык  этил спиртин өндүрүү колго алынды. Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев буга чейин мамлекеттин менчигине өткөн «Айданфарма» фармацевтикалык заводуна барды.

Photo 356890

Ал республиканын саламаттыкты сактоо уюмдарынын муктаждыктары үчүн колдонула турган 95 пайыз концентрациялуу медициналык этил спиртин чыгарууну ишке киргизүү менен таанышты.

«Дары-дармек рыногунун 90 пайыздан ашыгын импорттук продукция ээлеген республика үчүн дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды өзүбүздүн өндүрүштү өнүктүрүү маанилүү», — деди Саламаттыкты сактоо министрлигинин башчысы.

Анын айтымында, ички рыноктун керектөөлөрүн канааттандыруу үчүн ишкананы модернизациялоо, ассортиментин кеңейтүү жана өндүрүштүн көлөмүн көбөйтүү маанилүү.

Продукциянын ассортиментин кеңейтүү жана көлөмүн көбөйтүү ички рыноктун керектөөлөрүн канааттандырууга жана импортту алмаштыруу максаттарына жетишүүгө багытталган.

Заводдун директору Өмүрбек Асанов дары-дармек жана медициналык буюмдар бөлүмүнө 120 түрдөгү таблетка жана капсулалар, 20 түрдөгү майлар жана 10 түрдөгү сироп жана суспензиялар келип түшкөнүн, бул продукциянын линиясын бир топ кеңейтээрин билдирди.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

4 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18