24.kg
17:31, 10 декабря 2024, 24.kg

Садыр Жапаров Каракол шаарындагы оңдоп-түзөөдөн өткөн аскердик бөлүгүнө барды

Photo 356866

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 10-декабрда Ысык-Көл облусуна болгон жумуш сапарынын жүрүшүндө, Караколдогу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын Байсары уулу Кыдыр аке атындагы жаңыланган № 2028 аскер бөлүгүнө барды. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аскер бөлүктө бардык имараттарды, анын ичинде административдик корпустарды жана турак жайларды капиталдык реконструкциялоо боюнча иштер аяктаган.

Photo 356867

Мамлекет башчысы аскер кызматкерлеринин алдында сөз сүйлөп жатып, бул жерге ушул жылдын жаз айында келип, оңдоп-түзөө иштерин баштоого тапшырма бергенин эске салды.

Садыр Жапаров 1962-жылы түптөлгөн бул аскер бөлүктө бүгүнкү күнгө чейин оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлбөй, имараттар эскирип, чатырларынан суу өтүп, кейиштүү абалга келгенин көргөндө, көңүлү чөгүп, намыстанганын айтып берди.

«Дароо барып, аскер бөлүктүн инфратүзүмүн: штабы, окуу борбору, окуу корпусу, казармасы, көзөмөл өткөрүү жайы, унаа паркы жана башка бардык имараттарын капиталдык оңдөп-түзөөдөн өткөрүүгө буйрук бергем. Мына бүгүн мамлекеттик чек арабыздын 676 километрин түзгөн тилкесин кайтарган аскер бөлүк жаркыраган жаңыланган абалга келип олтурат», — деди Президент.

Ал мамлекет тарабынан чек ара коопсуздугун чыңдоого артыкчылык берилип, ар тараптан колдоо менен чоң көңүл бурулуп жатканына токтолду.

Photo 356869

Президент чек арачылардын социалдык абалын, турак-жайын жакшыртуу жана башка курулуш иштерине 1 миллиард 240 миллион сомдон ашык акча каражаты бөлүнгөнүн баса белгиледи.

«Кытай Эл Республикасы менен «Бедел» көзөмөл өткөрүү пункту жаңы курулуп, ишке берилди. Эртең чек арачылардын кызмат өтөөсүнө заманбап шарттар түзүлгөн эл аралык «Каракол» аэропорту ачылып, ишке берилет», — деп кошумчалады Садыр Жапаров, — мунун баары мамлекеттик чек арабыздын, элибиздин тынчтыгын камсыздоого ант берип, ыйык кесипти аркалап келаткан чек арачыларга жүктөлгөн тапшырмаларды так аткаруусу үчүн түзүлүп жаткан шарттар болуп саналат«.

Мамлекет башчысы чек арада кылмыштарга жана укук бузууларга жол бербей, алдын алуу иштерин жүргүзүп, чек арачылар жөнүндө жергиликтүү элдин, сырттан келген меймандардын жакшы ой-пикирин калыптандырып, бекитилген аймактагы кызматты так жана таза аткарууга чакырды.

Photo 356870

Бүгүнкү саамалыктын урматына Президент 51 миллион сомдон ашкан акча каражатына алынган 30 даана «JAC» маркасындагы жол тандабас жаңы авто унааларын тапшырды. Буга чейин биринчи жарым жылдыкта жалпы наркы 43 миллион сомдон ашкан 25 даана ушул эле маркадагы жол тандабас берилген.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

4 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18