24.kg
16:04, 10 декабря 2024, 24.kg

Бишкекте уурдалган телефондорду саткан 20дан ашык адам кармалды

Бишкекте уурдалган телефондорду сатуу фактыларын аныктоо боюнча рейд жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, «Чөнтөк уурулукка жол жок» рейди 2024-жылдын аягына чейин уланат.

«Негизги максат — уурдалган уюлдук телефондорду сатуу фактыларын аныктоо жана аларды мыйзамсыз жүгүртүүдөн чыгаруу. Бишкектин Чүй проспектиси менен Бейшеналиева көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан ири базарлардын биринин аймагында тротуарларда жана жолдордо уюлдук аппараттар жана аксессуарлар стихиялуу соодаланып жаткан жеринде милиция кызматкерлери тарабынан рейд жүргүзүлдү», — деп айтылат маалыматта.

Борбордук ички иштер башкармалыгы рейддин биринчи күнүндө милицияга 20дан ашык сатуучу алынып келинип, 60тан ашык уюлдук телефондордун сериялык номурларын аныктоо аркылуу кылмыштын бар экендиги текшерилгенин белгиледи. Мындан тышкары, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан уюлдук телефон сатуучуларга кылмыш жолу менен алынган мүлктү сатып алуу же сатуу үчүн кылмыш жоопкерчилиги тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Аларга соода эрежелерин сактоо керектиги айтылды.

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы эскертет: Эгерде сиз чөнтөк уурулардын кылмыштуу аракеттеринен жапа чеккен болсоңуз же мыйзамсыз аракеттерге күбө болсоңуз, дароо жакынкы милиция кызматкерине кабарлаңыз же 102 кыска номерине чалыңыз.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

4 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18