24.kg
09:15, 10 декабря 2024, 24.kg

KFU Football Awards — мыкты футболчуларды сыйлоо аземи өтөт

Бүгүн, 10-декабрда Кыргыз футбол биримдиги футболдогу жетишкендиктер үчүн индивидуалдуу сыйлыктарды тапшыруу аземин өткөрөт. Бул тууралуу аталган биримдиктен билдиришти.

Маалыматка ылайык, KFU Football Awards — өткөн сезондун жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын футбол тармагындагы эң мыктыларын сыйлоо аземи.

Салтанаттуу аземди Кыргыз Спорт ТВ каналы түз алып берет.

Сыйлыктар төмөнкү категориялар боюнча өз ээлерин табат:

Кыргыз Республикасынын мыкты оюнчусу;

Кыз-келиндер футболунун мыкты оюнчусу;

Футзалдын мыкты оюнчусу;

Футболдун мыкты жаш оюнчусу;

Футболдун мыкты машыктыруучусу;

Кыз-келиндер футболунун мыкты машыктыруучусу;

Футзалдын мыкты машыктыруучусу;

Футболдун мыкты калысы;

Футзалдын мыкты калысы;

Мыкты спорттук уюм;

Мыкты регионалдык ассоциация;

Мыкты футбол клубу.

Белгилей кетсек, «Кыз-келиндер футболунун мыкты машыктыруучусу» номинациясы бул жылы жаңы түзүлдү.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

4 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18