24.kg
12:04, 09 декабря 2024, 24.kg

Коррупцияга каршы күрөшүүнүн эл аралык күнү. Садыр Жапаров кайрылуу жасады

Президент Садыр Жапаров эл аралык коррупцияга каршы күрөшүү күнүнө карата элге кайрылуу жасады. Бул тууралуу анын басма сөз кызматы билдирди.

Президенттин айтуусунда, Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөшүү артыкчылыктуу багыттардын бири болуп саналат. Биз өнүккөн мамлекетти куруу үчүн мыйзамдуулуктун жана адилеттүүлүктүн негиздерин чыңдоого, мыйзам алдында бардыгынын теңдигин камсыз кылууга, жарандардын ишенимине доо келтирген бардык көрүнүштөрдү жоюуга багыт алдык.

Акыркы жылдары мамлекеттик органдардын ишинин ачыктыгын жогорулатуу боюнча олуттуу кадамдар жасалды. Коррупциялык тобокелдиктерди жоюп, көзөмөлдү, жоопкерчиликти күчөтө турган Электрондук өкмөт системасы өнүгүп, кызматтар ортомчуларсыз көрсөтүлүүдө. Мындан сырткары, биз укук коргоо органдарын реформалоо, сот системасынын көз карандысыздыгын бекемдөө жана коррупцияга байланышкан иштерде адилеттүүлүктү камсыз кылуу боюнча активдүү иш алып баруудабыз.

Коррупция — бул жөн гана мамлекеттик органдардын эле эмес, бүтүндөй коомдун көйгөйү. Коррупцияны жеке эле мамлекеттик бир мекеме же уюм жеңе албайт, бул күрөшкө ар бир кыргыз жараны тартылууга тийиш. Биз жаш муундарды мыйзамды урматтоого жана чынчылдык принциптерине берилгендикке тарбиялашыбыз керек.

Коррупцияга каршы күрөштү күчөтүүнүн, алдын алуунун натыйжалуу механизмдерин колдонуу, коррупцияга каршы мыйзамдарды өркүндөтүү, ошондой эле өлкөдөгү коррупцияны минималдаштыруу боюнча туруктуу натыйжаларга жетүүгө багытталган чаралардын комплексин ишке ашыруу максатында 2025—2030-жылдарга карата Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегияны быйыл атайын Жарлык менен бекиттим.

Коррупция — бул биздин биргелешкен күч-аракетибизди талап кылган чакырык. Биз баарыбыз ушул коркунучка каршы турсак, коррупциясыз келечек кура алабыз деп бекем ишенем. Мамлекеттин, коомдун, бизнестин жана ар бир жарандын аракеттерин бириктирүү аркылуу биз адилеттүүлүк, мыйзамдуулук жана калыстык бааланган өлкөнү курууга жетишебиз", -деп айтылат билдирүүдө.

Садыр Жапаров коррупцияга каршы күрөштү жигердүү колдоо менен өлкөдөгү кырдаалды өзгөртүүгө көмөктөшкөндөрдүн баарына ыраазычылык билдиди.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

4 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18