24.kg
10:05, 09 декабря 2024, 24.kg

Кыргызстанда 2024-жылы бирдиктүү салык чогултуу үч эсеге көбөйдү

Кыргызстанда 2024-жылы бирдиктүү салыкты чогултуу үч эсеге көбөйдү. Мындай маалыматтар Каржы министрлигинин материалдарында камтылган.

Үстүбүздөгү жылдын январь айынан октябрга чейин бирдиктүү салыкты чогултуудан республикалык бюджетке 17 млрд сом түшкөнү такталган. Бул сумма 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 11,3 миллиардга көп.

Тиешелүү башкармалыктын маалыматына караганда, такталган республикалык бюджетте бирдиктүү салыкты чогултуу планы 2,4 эсеге көбөйүп, 19,6 миллиард сомго жеткен.

2025-жылга бирдиктүү салык планы 23,7 миллиард сом деп белгиленген.

Эскерте кетсек, бирдиктүү салык — бул жүгүртүүсү жылына 30 миллион сомдон ашпаган чакан жана орто бизнес үчүн арналган жөнөкөйлөштүрүлгөн салык системасы. Ал үч салыкты алмаштырат: киреше салыгы, сатуудан түшкөн салык жана КНС. Бирдиктүү салыкка кичи бизнестин өкүлдөрү гана эмес, орто бизнеске тиешелүү болгондор да өтө алышат.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

4 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18