24.kg
18:12, 06 декабря 2024, 24.kg

ИИМ үй-бүлөлүк зомбулукка каршы үн катууга чакырды

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги үй-бүлөлүк зомбулукка каршы үн катууга чакырды. Аталган башкармалыктын басма сөз кызматы бул темага арналган социалдык ролик таратты.

 Маалыматка ылайык, үй-бүлөлүк зомбулук – бул жеке адамдардын жашоосун гана эмес, бүтүндөй үй-бүлөгө зыян келтирүүчү олуттуу көйгөй.

Зомбулуктун эч кандай негизи жок экенин түшүнүү маанилүү, ал гана эмес физикалык, ошондой эле психологиялык, экономикалык жана сексуалдык түрдө да көрсөтүлүшү мүмкүн. Үй-бүлөдөгү зомбулук анын бардык мүчөлөрү үчүн терс кесепеттерди жаратат, айрыкча зомбулукка күбө болгон, же жабыр тарткан балдарга терс таасирин тийгизет. Ошондуктан, бул көйгөйдү кантип алдын алууну билүү өтө маанилүү.

"Эгерде сиз зомбулукка күбө болсоңуз, же өзүңүз жабыркасаңыз - четте калбаңыз. Кыска 102 номуруна чалыңыз", - деп айтылат маалыматта.

Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, 2024-жылы Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулук фактыларынын саны 2023-жылга салыштырмалуу 37 пайызга өскөн.

Үстүбүздөгү жылдын 10 айында үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 14 миң 293 факты катталган. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 3 миң 877ге көп.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

4 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18