24.kg
16:50, 06 декабря 2024, 24.kg

«Кадастр» ишканасынын Кара-Суу райондук филиалынын директору кармалды. Себеби

Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография мамлекеттик агенттигинин Кара-Суудагы бөлүмүнүн директору жер тилкелерине мамлекеттик актыларды мыйзамсыз бергендиги үчүн кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Тергөөнүн жүрүшүндө аныкталгандай, Ж.Р.Б филиалынын жетекчиси кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, Ош облусунун Кара-Суу районунун Датка айыл аймагынын (мурдагы Шарк) Ачинск массивинин башкы планына өзгөртүү киргизген.

Photo 356463

Көрсөтүлгөн аракеттердин натыйжасында жеке турак-жай куруу үчүн участокторго (ЖКК) жеке менчик актылары мыйзамсыз берилген, бирок бул жерлер алгач социалдык объектилерди курууга жана айыл чарба багытында пайдаланууга арналган.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында Ж.Р.Б. кармалып, КР МУККнын СИЗОсуна киргизилген. Мында «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Кара-Суу филиалынын 11 кызматкери ээлеген кызматынан бошотулган. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

4 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18