73 жаштагы Абдыбакир Имаров Баткенден Бишкекке жөө келди
73 жаштагы Абдыбакир Имаров Баткенден Бишкекке жөө келген. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Ал жаш курагына жана аба ырайынын шартына карабай 1 миң чакырымды басып өткөн. Акциянын максаты кыргызстандыктарды сергек жашоого үндөө. Буга чейин Бакен шаарынын тургуну мугалим болуп иштеп келген.