24.kg
10:18, 06 декабря 2024, 24.kg

Кытай лидери Си Цзиньпин Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктады

Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктады. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.

«Үстүбүздөгү жылдын июль айында Шанхай кызматташтык уюмунун Астана саммитинде биз кытай-кыргыз мамилелерин өнүктүрүүнү илгерилетүү боюнча жолугушуу өткөрдүк жана Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы баарын камтыган стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүүнүн жаңы доордогу багыттарын аныктоо менен жогорку сапаттуу жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты тереңдетүү боюнча макулдашууга жетиштик.

Мен кытай-кыргыз мамилелерин өнүктүрүүгө чоң маани берем жана Сиз менен түзүлгөн жакшы иштиктүү мамилелерди жана жеке достукту жогору баалайм жана келерки жылы эки тарапка тең ыңгайлуу убакта Кытайга келип кетүүгө чакырам.

Сизге ден соолук жана бардык жакшылыктарды каалайм! Достук мамиледеги Кыргызстан элине бакубатчылык каалайм», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

4 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18