24.kg
10:16, 06 декабря 2024, 24.kg

«Манас» аэропортунда коюу тумандан улам аба каттамдары кармалууда

«Манас» эл аралык аэропортундагы коюу тумандан улам Ош, Жалал-Абад, Талас, Сургут, Анталия, Стамбул жана Ташкентке каттамдар кармалууда. Бул тууралуу аэропорттун басма сөз кызматы билдирди.

Тумандан улам төмөндөгү каттамдар да кармалышты:

Ош — Стамбул;

Ош — Екатеринбург;

Ош — Домодедово;

Ош — Шереметьево;

Ош — Жуковский;

Ош — Внуково;

Ош — Кувейт шаары, эки каттам;

Ош — Жидда;

Ош — Бишкек.

Буга чейин Гидрометеорология кызматы 8-9-декабрга чейин катуу шамал тууралуу эскертүү берген. Синоптиктердин маалыматы боюнча, бул күндөрү Кыргызстанда туруксуз аба ырайы күтүлөт. Көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаайт, Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарында жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

4 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18