24.kg
09:35, 06 декабря 2024, 24.kg

Россия президенти Владимир Путин Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктады

Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин бүгүн, 6-декабрда Кыргыз Республикасынын лидери Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктады. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.

«Россия биздин мамлекеттердин ортосундагы союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүк мамилелерди бекемдөөгө кошкон жеке салымыңызды жогору баалайт.

Биз Сиз менен эки тараптуу байланыштардын бүткүл комплексин мындан ары бекемдөө, ошондой эле Евразия мейкиндигинде интеграциялык процесстерди өнүктүрүү жана регионалдык коопсуздукту камсыз кылуу кызыкчылыктарында жигердүү биргелешкен ишти улантабыз.

Сизге чың ден соолук, бакубатчылык жана дос мамиледеги Кыргыз Республикасынын элинин жыргалчылыгы үчүн мамлекеттик ишиңизге ийгиликтерди каалайм», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Бүгүн Кыргызстандын президенти 56 жашка толду. 1968-жылы 6-декабрда Ысык-Көл районунун Кең-Суу айылында туулган. Ал республиканы 2021-жылдын 28-январынан бери жетектеп келет. Буга чейин ал 2020-жылдын 10-октябрынан 2021-жылдын 21-январына чейин өлкөнүн премьер-министри болгон.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

4 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18