24.kg
15:34, 05 декабря 2024, 24.kg

Шакиев: «Садыр Жапаров курулуш тармагына кошумча нарк салыгын киргизүүгө каршы»

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев «Салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорун кароодо курулуш тармагына 12 пайыздык кошумча нарк салыгын киргизүүгө каршы пикирин билдирди. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Нурланбек Шакиев Жогорку Кеңештин жыйынына чейин өлкө президенти менен бул маселени талкуулаганын, Садыр Жапаров да бул салыктын киргизилишине каршы экени белгилүү болгонун белгиледи.

«Министрлер кабинетинин тийиштүү жетекчилери өлкө башчысына бул мыйзам долбоору боюнча туура маалымат жеткирбепсиздер. Президент угуп алып, абдан кабатырланды. Бул нерсе болбош керек болчу. Мен да курулуш тармагына кошумча нарк салыгынын киргизилишине каршымын. Биз ипотекалык программаларды жыргаганыбыздан ишке ашырып жаткан жокпуз. Жашоо-шарты оор, мүмкүнчүлүгү чектелген, үйгө муктаж жарандарыбызды турак-жай менен камсыздай албай жатып, кайра курулуш тармагына салыкты көбөйткөнүбүз туура эмес. Эгер жаңы салык киргизилсе, үйлөрдүн баасы дагы жогорулап, калкка бир топ кыйынчылыктарды жаратат. Демилгечилер бир пикирде болуп, такташып келсеңер болмок», — деди.

Андыктан демилгеленген мыйзамдан 12%дык кошумча салыкка байланышкан беренени толугу менен алып салууну талап кылган төрага: «Биринчи окууда концепциясын колдойбуз, бирок экинчи окууда долбоорду толугу менен өзгөртүшүбүз керек», — деди.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

4 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18