24.kg
14:08, 05 декабря 2024, 24.kg

Уюлдук телефондорду аткезчилик менен алып жүргөн ири схеманын бети ачылды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети ири уюлдук телефон контрабандалык схемасынын бетин ачты. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз борбору билдирди.

Маалыматка ылайык, айрым товар ташуучулар чек арачылар жана башка мамлекеттик кызматкерлер менен байланыш түзүп, белгилүү бренддердин кымбат баалуу смартфондорун мыйзамсыз алып келишкен. Ошентип, алар бажы төлөмдөрүн төлөөдөн качып, аппараттарды бизнеске тиешеси жок адамдарга Кыргызстандын жарандарына да, чет элдиктерге да каттатып коюшкан.

Телефондору катталган адамдардын паспорттук маалыматтары аларга чек арачылар тарабынан берилген. Мыйзамсыз иштердин натыйжасында мамлекеттик бюджет 100 миллион сомдон ашык чыгымга учураган.

Басма сөз борбору бул ишти иликтөөнүн алкагында 2024-жылдын 3-декабрында Бишкек жана Ош шаарларындагы соода борборлорунда жана дүкөндөрүндө тинтүү жүргүзүлүп, каттоодон өтпөгөн мобилдик аппараттар алынганын билдирди.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

4 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18