24.kg
12:19, 05 декабря 2024, 24.kg

Камчыбек Ташиев: «Коррупция үчүн бир дагы сот же прокурор камала элек»

Жогорку Кеңештин жыйынында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев медицина тармагындагы коррупцияга токтолду.

Анын айтымында, жакында атайын кызмат беш дарыгерди кармаган.

«Бизге аларды бошотууну суранышты, анткени алар операцияларды жүргүзүү керек экен. Мындайда катуу, бирок адилеттүү чечим кабыл алынышы керек. Мен беш жылдан бери коррупция менен күрөшүп келем, чынын айтсам чарчадым. Коррупционерди камайсың, ал соттун чечими боюнча белгилүү бир сумманы төлөйт, бүттү. Биз сот системасынан, прокуратурадан, укук коргоо органдарынан бир дагы адамды реалдуу мөөнөткө камай алган жокпуз», — деди Камчыбек Ташиев.

Белгилей кетсек, бүгүн УКМКнын төрагасы коррупцияга каршы аракеттенүү жаатындагы айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун биринчи окууда депутаттарга алып чыкты.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

4 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18