24.kg
10:45, 05 декабря 2024, 24.kg

Депутат абхаз жана армян номурлуу унааларга мунапыс жарыялоону суранды

Жогорку Кеңештин бүгүн, 5-декабрдагы жыйынында депутат Дастан Бекешев бийликтен абхаз жана армян номурлуу унааларга мунапыс жарыялоону суранды.

Эл өкүлү белгилегендей, акыркы убакта Мамлекеттик жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо инспекциясы чет өлкөлүк номурлуу унааларды кармап, камай баштаган. Буга байланыштуу ага айдоочулардан кайрылуулар түшүп турат.

«Бул мыйзамдын талабы. Бирок бул маселени эки жыл мурун көтөргөнбүз. Мен мунапыс жарыялоону сунуштайм. Ошондо бюджетке каражат түшүп, жарандар үчүн жакшы болот. Министрлер кабинети ушундай канча техниканы санап, тиешелүү документти парламентке алып келсин», — деди Дастан Бекешев.

Белгилей кетсек, ноябрь айынын аягынан тарта армян жана абхазиялык номурлуу унаалар камакка алынган жерге массалык түрдө токтотула баштаган. Ысык-Көл жана Ош облустарынын айдоочулары көйгөйдү чечүү өтүнүчү менен өлкө жетекчилигине кайрылышты.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

4 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18