24.kg
18:10, 04 декабря 2024, 24.kg

Садыр Жапаров Түштүк Кореядан Кыргызстанга кайтып келди

Президент Садыр Жапаров Түштүк Кореядагы расмий сапарынан Кыргызстанга кайтып келди. Бул тууралуу 24.kg басылмасына өлкө башчынын администрациясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, расмий делегация Бишкекке болжол менен саат 16.00дө келген.

Бүгүн, 4-декабрда Мамлекет башчысы Кыргызстан менен Кореянын Инвестициялык диалогуна катышты.

Өз сөзүндө Садыр Жапаров Кыргызстанда мамлекеттик башкарууну модернизациялоого, жагымдуу инвестициялык климатты түзүүгө жана санариптештирүүгө багытталган жүргүзүлүп жаткан реформалар тууралуу кеңири айтып берди.

Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучуларга Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүнө арналган видеоролик көрсөтүлүп, презентация жасалды. Андан соң бизнесмендер кыргыз делегациясынын мүчөлөрүнө суроолорун узатышты, андан кийин эки тараптуу документтерди алмашуу аземи болуп өттү.

Президент Садыр Жапаров кореялык бизнес өкүлдөрүн Кыргызстанга келип кетүүгө чакырып, өлкөнүн эл аралык кызматташтыкка ачыктыгын жана инвесторлор үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү баса белгиледи.

Расмий сапарын аяктап, 4-декабрда президент Садыр Жапаров Бишкек шаарына кайтып келди.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

4 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18