24.kg
17:38, 04 декабря 2024, 24.kg

Жайлоодо дайынсыз болуп жаткан жарандын сөөгү Чоң-Кемин дарыясынан табылды

Чүй облусунун Кемин районундагы Тар-Суу айылынан Жалгыз-Тал жайлоосуна 29-ноябрда чыгып кетип, дайынсыз болгон 1981-жылы туулган Ш.М. аттуу эркек адамдын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Эскерте кетсек, Тар-Суу айылынын 43 жаштагы тургуну жолдошуна жолугуу үчүн Жалгыз-Тал жайлоосуна чыгып, үйүнө кайтып келген эмес. Ат чабандессиз үйүнө кайткан. Жоголуу тууралуу маалымат милицияга 1-декабрда келип түшкөн. 3-декабрда куткаруучулар, милиция кызматкерлери жана жергиликтүү тургундардан турган 134 адам адамды издөөгө чыгышкан.

Photo 356014

Бүгүн, 4-декабрда саат 13.30да дайынсыз жоголгон адамдын сөөгүн жергиликтүү тургундар Чоң-Кемин дарыясынан таап, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришти.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

4 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18