24.kg
17:29, 04 декабря 2024, 24.kg

Ташиев мамлекеттик чек араны сыпаттоо иштери аяктаганын тарыхый күн деп атады

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Камчыбек Ташиев Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамлекеттик чек аранын калган тилкелерин сыпаттоо иштери аяктаганын тарыхый күн деп атады. Видеону министрлер кабинетинин «Госинфо» Telegram каналы жарыялады.

Анын айтымында, чек араларды тактоо иштеринен кийин юридикалык каттоо иштери жүргүзүлөт жана чек ара маселеси эки өлкөнүн парламенттери аркылуу ратификацияланат. Ошондой эле документке президенттер кол коюшат.

«Жакын арада, саналуу айлардан соң чек араларды тактоо иштерин биз жыйынтыктайбыз. Бул иштерди аткарууда өкмөттөр аралык комиссиянын мүчөлөрүнө, анын ичинде Саймумин Ятимовго иштерди алып барууга көмөктөшкөндүгү үчүн ыраазычылык билдирем. Анткени биз биргеликте чек ара маселесин жыйынтыктап жатабыз», — деди Камчыбек Ташиев.

Белгилей кетсек, бүгүн, 4-декабрда Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек араларын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын кезектеги отуруму болду. Анда чек ара маселесин чечүүдөгү жыйынтыктоочу документтерди даярдоо боюнча тапшырмалар берилди.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

4 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18